Пятница, 28 августа

Кыргыз-кытай форумунда 300 млн доллардан ашкан келишимдерге кол коюлду

0

Кыргыз-кытай инвестициялык форумунун жыйынтыгында жалпы суммасы 300 млн доллардан ашкан макулдашууларга, меморандумдарга жана коммерциялык келишимдерге кол коюлду.

Форумга Кытайдын 150дөн ашык компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Жетишилген макулдашуулар медициналык туризм, туризм, инфраструктура, электр жана жылуулук энергетикасы, мунай-газ тармагы, шаардык суу чарбасы жана агроөнөр жай комплекси сыяктуу багыттарды камтыйт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз