22-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында Кыргызстандын атынан башкы прокурор Малик Бектурганов БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду.
Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, кол коюу БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагындагы 2026-жылдагы Келишимдик иш-чарада өттү.
«Конвенция БУУнун 2024-жылдын 24-декабрында кабыл алынган жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы биринчи универсалдуу эл аралык-укуктук документ болуп саналат. Ал киберкылмыштарды алдын алуу жана тергөө боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө, электрондук далилдерди алуу жана алмашуу механизмдерин өркүндөтүүгө жана компетенттүү органдардын ыкчам аракеттенүүсүн күчөтүүгө багытталган», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, конвенцияга кол коюу Кыргызстандын трансулуттук киберкылмыштарга каршы күрөшүү жана жазык иштери боюнча эл аралык укуктук жардам көрсөтүү жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Мындан ары конвенцияны ратификациялоо жана анын жоболорун улуттук мыйзамдарга киргизүү боюнча ички мамлекеттик жол-жоболор жүргүзүлөт.
