Эртең, 2-октябрда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде сүрөтчү, график жана плакатист Асанбек Турумбековдун жеке көргөзмөсү ачылат.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө 2–18-октябрь күндөрү өтүп, анда сүрөтчүнүн чыгармачылык жолунун негизги этаптарын камтыган 70ке жакын живопись жана графикалык эмгеги көрүүчүлөргө сунушталат.
Асанбек Турумбеков 1936-жылы Кемин районунун Кайыңды айылында туулган. 1955-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын аяктап, 1960-жылдан тартып көргөзмөлөргө катыша баштаган. 1970-жылы СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.
Сүрөтчү көп жылдар бою «Чалкан» сатиралык журналында көркөм редактор болуп эмгектенген. Анын чыгармалары бир катар бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө коюлуп, 1969-жылы Москва шаарында өткөн эл аралык көргөзмөдө плакаттары Күмүш медалга татыган.
Көргөзмө Асанбек Турумбековдун чыгармачылык мурасын кеңири таанытууга жана анын кыргыз көркөм сүрөт искусствосуна кошкон салымын чагылдырууга багытталган.
