Понедельник, 25 ноября

Жакында Мелис Мырзакматов да келиши мүмкүн

0

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун адвокаттары Жогорку сотко кайрылууга камданышууда. Парламент депутаты Искендер Гаипкуловдун айтымына караганда, анын мекенине кайтып келүүсүн мыйзам чегинде чечүүгө убакыт келип жетти.
“Менин Мырзакматов менен туугандык байланышым болгондуктан кез-кезде байланышып турам. Анын мекенге кайтып келүүсүн мыйзам чегинде чечүү керек. Ал саясий куугунтукка кабылган, бул баарына маалым. Адвокаттар учурда ушул маселенин үстүндө иштеп башташты. Ош шаардык соту сыртынан баш коргоо чарасын аныктаган. Ал сотко Мырзакматовдун жактоочулары катышкан эмес, мамлекеттик адвокат алып келишип бир саатта чечим чыгарышкан”, — деген депутат экс-мэрди айыптуу кылып чыгарган процесс мыйзамсыз болгонун белгиледи.

Мелис Мырзакматовго 2014-жылдын ноябрь айында издөө жарыяланган. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып тагылган. Айрым маалыматтарга караганда экс-мэр учурда Түркиянын шаарларынын биринде жашап жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз