Демилгечи жаштардын башын бириктирген «Арча-Бешик Ынтымагы» коомдук бирикмеси алгачкы кадамын айлана-чөйрөнү таштандыдан тазалоо менен баштады. Бул туурасында «kyrgyz.news” сайтына бирикменин мүчөлөрүнүн бири Султан Кудайбергенов кабарлады.
Кудайбергеновдун айтымында аталган коомдук уюм жаңыдан гана ачылып, Адилет министрлигинен расмий каттоодон өттү. Негизги максаты мамлекет качан жардам берет деп карап отурбай, Бишкек шаарындагы эң ири жаңы конуштардын бири болгон “Арча Бешиктеги” көйгөйлөрдү чечүү болуп эсептелет.
“Андагы тургундардын жашоосун жеңилдетүү башкы максатыбыз. Биринчи тазалыктан баштайлы деп, көчөлөрдү таштандылардан арылттык. Ага уюмдун бардык мүчөлөрү, кээ бири үй- бүлөсү, бала-чакасы менен активдүү катышты. Экинчи максатыбыз балдар үчүн спорт аянтчасын куруу, ал үчүн арабыздан демөөрчүлөр дагы чыгып жатат ”-дейт Султан Кудайбергенов.
Маалымдалгандай “Арча Бешик” жаңы конушундагы бала бакча, спорт аянтчасы, балдар ойноочу короолорго пландалган жер тилкелери ушул күндө жеке жактарга үй курууга сатылып жатат, мындан улам аталган коомдук бирикме мыйзамсыз сатылып кеткен жана сатууга коюлган жерлерди кайтарууну көздөшүүдө.