Вторник, 26 ноября

Чаткалдын алтынга садага чабылган жаратылышы

0

Фотожурналист Влад Ушаков Фейсбуктагы баракчасына Чаткал районунун сүрөтүн жарыялады. Анын айтымында эки сүрөттүн айырмасы эки жыл, бирок бир мезгилде Чандалаш суусунун жогору жагынан тартылган. Он жыл айырмасы бар сүрөткө:
“Форумда, тегерек столдордо, эл аралык конференцияларда экологияны сактоо зарылдыгын айткандарга ушул эки сүрөттү көрсөтсөңөр болот”, — деп жазган.
Сүрөт Абдыжапар Нурдинов тарабынан тартылганы белгиленген.
Чаткал Бишкектен 770 чакырым алыстыкта жайгашкан тоолуу район. 2007-2008-жылдан тартып райондо алтын өндүрүүчү компаниялар өз ишин баштаган. Компаниялардын басымдуу бөлүгү Кытайга таандык. Акыркы беш жыл ичинде эле Чаткалдагы алтын жана сурма казуучу жайга 8 лиценция жең ичинен“сатылганы” маалым болгон. Ушул жылдын февраль айында депутат Аида Касымалиева Чаткалдагы кен казуучу жайларга өткөрүлгөн аукциондо коррупциялык элементтер бардыгын жарыялаган.
Жергиликтүү эл алтын компаниялардын иштешине каршы. Алар суунун булганып жатканын, жаратылышга эбегейсиз зыян келтирилгенин бир нече жолу айтып, ал турмак митингге да чыгышкан. Бирок жергиликтүү бийлик элдин талабына кулак салбаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз