Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына өкмөт сулуулук салондорго, чачтарачканаларга жана акча алмаштыруучу жайларга салыкты көбөйтүүнү сунуштаганын жазды.
“Акча алмаштыруу жайларына каршы эмесмин, бирок чачтарачканалар менен сулуулук салондоруна каршымын. Бул тармак көп адамды жумуш менен камсыз кылат”, — деп белгилеген депутат.
Өкмөттүн мындай сунушун коомчулук колдоого албай турганы депутаттын билдирүүсүнөн кийин эле белгилүү боло түшкөнсүдү. Анткени комментарийлерде өзүн өзү багып, элди да жумуш менен камсыз кылып жаткан тармактын кирешесине көз арткан өкмөткө сын көбүрөөк айтылган. Жарандык активист Рита Карасартова да өкмөттүн бул чечимин ойлонулбаган деп баалады.
“Кыргызстанда бул сыяктуу тажрыйба бар, оюн бизнесине салыкты көбөйтүштү эле, баары жашыруун иштөөгө өтүп алышты. Сулуулук салондору менен да ушундай эле көрүнүш кайталанышы мүмкүн. Өкмөт кыязы сулуулук салондорунда бай адамдар иштейт деп ойлоп алган го. Мамлекет бардык ишкерлер салыкты төлөсүн үчүн кампания башташ керек. Бирок өлчөм абдан ылдый болушу шарт, ошондо баары тең төлөп башташат”, — деди Карасартова.