Каржы министрлигинин маалыматына караганда, Бүгүн Жогорку Кеӊештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинде 2019-жылдын бюджетиндеги «Капиталдык салымдар» беренесинде каралган объектилердин курулушу жана каржыланышы жөнүндө маселе каралды. Анда капиталдык салымдардын титулдук тизмесинде камтылган объектилер азыркы учурда 75 пайызга каржыланганы белгилүү болду.
Депутат Төрөбай Зулпукаров Нарындагы «контейнер-мектептин» чатагын өкмөт өкүлдөрүнүн эсине салып, өлкө аймагында канча контейнер мектеп иштеп жатканына кызыкты.
Билим берүү министри Каныбек Исаков Кара-Суу жана Нарын райондорунда бирден мектеп бар экенин, ал эми чатырларда окуткан мектептер жок экенин билдирди.
Бирок депутат министрдин маалыматын төгүнгө чыгарды. Айтымында учурда Ноокат районуна караштуу Жаш айылындагы окуучулар чатырга окуп жатат. Ошондой эле ал Сауд Аравия фондунун 30 млн доллар каражатына салына турган мектептер боюнча ратификациялык келишим эмнеге создугуп жатканына кызыкты.
“Кеӊеш берүүчү компанияны тандоо маселесинде кыйынчылыктар болуп жатат. Биринчи компания менен контракт бузулган. Азыр экинчи компания менен иштетип жатабыз. Буюрса фонддун каражатына 27 мектеп курулат», — деди депутаттын суроосуна жооп кылып министрликтин статс-катчысы Самат Бөрүбаев.
Жыйында Кыргызстанда авариялык абалдагы 190 мектептин имараты бар экени жана аларды оңдоо иштерине 13 млрд сомдон ашуун кошумча каражат талап кылынаары белгилүү болду.