Элдин көбүнөн коомдук транспорттун айнегине бети менен жармашып калган окуучу бала кыргызстандык эмес болуп чыкты. Мындай маалыматты Казакстандын бир катар интернет басылмалары жазып чыгышты.
Окуя Казакстандагы Түркестан облусунда болгонун аталган аймактын башчысы дагы тастыктаган.
Айта кетсек өткөн апта соңунда социалдык тармактарда бети маршрутканын айнегине чапталган баланын сүрөтү таркап, кызуу талкууга алынган. Ал тургай бул Кант шаарында болгонун жазышып, тиешелүү кызматтар маршруттук таксини издеп башташкан. Бирок республика аймагында номер 6 деген коомдук транспорт жок экени аныкталган.