Вторник, 26 ноября

Эми жол кыймылын бузгандар видеого тартылат

0

«Коопсуз шаар» долбоорунун кийинки этабын ишке ашыруу кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясына буйруду. Бул туурасында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Эми «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» ишканасы Кыргызстанды өлкө аймагындагы жол кыймылын бузууларды жаздыра турчу фото жана видео аппараттар менен жабдып, топтолгон маалыматты автоматтык түрдө берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткарат.
Аталган компания башкалардан айырмаланып эң арзан бааны сунуштаган. Маселен:

«Вега — Радиотүзүлүш концерни» акционердик коому – 4 миллиард 802,3 миллиона сом;

«Маалыматтык коопсуздук куруму» ЖЧКсы – 5 миллиард 67,7 миллион сом;

«Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы болсо – 2 миллиард 654,5 миллиона сом.

Эскерте кетсек, «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын Орусиянын «Вега — Радиотүзүлүш концерни» акционердик коому ишке ашырган. Анткен менен бул тендердин артынан узун кептер айтылып, ал тургай соттук териштирүүлөр дагы орун алган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз