Учурда Нурсултан шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпионаттын алкагында кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков Токио Олимпиадасына лицензия утту. Ал кытайлык балбан менен бет келишип, атаандашын 6:1 эсебинде жеңип чыккан.
Казакстандын борбор калаасында орун алган таймаштагы ар бир салмактык категорияда 1-5-орунга чейинки тепкичке илинген спортчуларды Олимп оюндарынын жолдомосу күтүп турат.
Бирок бул жеңиш Атабек Азисбековдун 2020-жылы Токиого бараарына кепилдик бербейт дешет адистер. Анткени бүтүндөй Кыргызстандын атынан Олимп оюндарына катышуучуларды курама команданын башкы машыктыруучулары тандайт.
Эскерте кетсек буга чейин жолдомону суучул Денис Петрашов менен жөө күлүк Юлия Андреевалар утушкан.
Кезектеги олимп оюндары 2020-жылы Япониянын борбору Токио шаарында өтөт.