Вторник, 26 ноября

Чет өлкөгө топ болуп барган депутаттар чек арага келгенде азайды

0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кечээ, 16-сентябрда Баткен областынын Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча чукул кеңешме өткөрдү.
Анын жыйынтыгында Төраганын тапшырмасы менен вице-спикер М.Бакиров баштаган депутаттардын тобу чукул арада Баткен областына бармай болушкан. Алар бүгүн саат 11:00дө Баткенге багыт алган учакка отурушат.
Белгилүү болгондой иш сапарына вице-спикер Мирлан Бакиров, депутаттар Мурадыл Мадеминов, Талант Мамытов жана Төрөбай Зулпукаров барышат.
Кечээ кыргыз-тажик чегарасында кайрадан жаңжал орун алган. Буга Тажикстандын жарандары мамлекеттик чегаранын такталбаган аймагында курулуш иштерин баштагандыгы себеп болгон. Кыргызстандын жарандары жооп иретинде аталган аймакта жайгашкан үйлөрүнө тосмо орнотуп башташкан. Эки өлкө жарандарынын нааразычылыгы Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусуна жеткирген, алар эки тараптагы тең курулуш иштерин токтото турууну чечишкен.
Бирок макулдашуу болгонуна карабастан коңшу өлкөнүн жарандары курулуш иштерин уланта беришкен. Кыргызстандыктар да аларды көрүп тосмо орнотууга камылга көрүшкөн. Жыйынтыгында саат кечки 7лер чамасында эки өлкөнүн жарандары уруша кетишип, ал курал колдонууга чейин жеткен. Анын кесепетинен Кыргызстандын атайын кызматынын кызматкери көз жумган. Анын артында үч баласы калганы айтылууда. Андан башка дагы 13 адам да ар кандай жарааттарды алышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз