Понедельник, 25 ноября

63 жашын абактан тоскон Атамбаев

0

Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Ал 63 жашка чыкты. Бир катар беренелер боюнча айыпталып 9-августта кармалган мурдагы президент учурда УКМКнын абагында.
КСДП партиясынын мүчөлөрү партия төрөгасын туулган күнү менен куттукташты.
“Чын дилибизден туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Акыркы убакта сизге жабылган жалган жалаа, куру дооматтарга карабай сиз бизге үлгү болчу адамсыз жана саясатчысыз. «Абийир өмүрдөн бийик» — дейсиз. Биз үчүн ушул сөз моралдык ориентир болуп калат. Кыргызстан үчүн көп нерсе жасадыңыз, убакыттын өтүшү үчүн ал салымыңыз элдин таразасында татыктуу баасын алат. Сураныч, эсиңизде болсун сиз жалгыз эмессиз, Кыргызстанда сизди тебелеп-тепсөөгө жол бербей турган адамдар бар. Алдыда бизди татаал сыноолор күтүп турат. Анын баарын жеңүүгө жана акыйкаттыкты орнотууга сиздин эркиңиз жетет деп ишенебиз. Бул күнү биз жандүйнөбүздө сиз менен биргебиз, Алмазбек Шаршенович! Сизге чыдамкайлык жана ден соолук каалайбыз. “Тагдырга эрегишип!” деген ырыңыздай тагдырга эрегишиңиз. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, өзүңүздү бек кармаңыз. Чогуу күрөшөбүз”, — деп жазган партия мүчөлөрү куттуктоодо.
Аталган партия бүгүн шаардын чок ортосуна Атамбаевдин туулган күнүнүн урматына концерт өткөрүүнү пландашкан. Бирок чек арадагы чыр-чатакка байланыштуу аны токтотушканын кабарлашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз