Мунай затты кайра иштетүүчү заводго кол салуу боюнча пикирин билдирип жатып орус лидери Куранды эске салды.
“Ыйык Куранда өзүнүн тегин коргогондон башка ар кандай зомбулуктарга тыюу салынганы айтылган. Өз тегибизди, өз өлкөбүздү коргоо үчүн биз Сауд Арабиясына тийиштүү жардам көрсөтүүгө даярбыз”, — деди Путин.
Айтымында, Арабиянын жетекчилиги мамлекеттик даанышман чечим кабыл алып, Иранга окшоп, же түрк бийлигинин жолун жолдоп С-300дү сатып алат.
“Алар Сауд Арабиясындагы бардык объектерди ишенимдүү коргойт”, — деп белгиледи орус президенти.
Ирандын президенти Хасан Роуханинин С-300дү сатып алууу жакшыбы, же С-400дүбү деген суроосуна Путин: “Тандап алгыла”, — деди.
Андан тышкары орусиянын лидери падышачылыктын мунай зат объектисине кол салуу боюнча айтып жатып дагы бир жолу Куранды эстеди.
“Түркияда, мусулман калкы басымдуулук кылган өлкөдө жүрүп ыйык Курандын саптарын эстебей кое албайм. Ал жерде: “Аллахтын мээрими эсиңерде болсун. Сиздер качандыр бир душман болгонсуздар, Аллах сиздердин жүрөктү жакындаштырып, тууганга айлантты” – деп жазылган. Мен дагы ушул нерсени көңүлгө түйүү керек деп ойлойм”, — деди Путин.
Эске салсак, ишембиге караган түнү Сауд Арабиядагы Saudi Aramco мамлекеттик компанияга таандык эки мунай зат объектиси өрттөнгөн. Жоопкерчиликти йемендик повстанцы-хуситтер алышты, алар заводго дрон аркылуу кол салышкан.