Понедельник, 25 ноября

Чек арадагы окуядан жабыркагандар Бишкекке жеткирилет

0

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандар дарылануусун Бишкекте улантат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Тиешелүү кызматтан билдиргендей кечээги окуядан жалпы 14 адам жабыркап, бир чек ара кызматкери көз жумган. Жаракат алгандардын арасында жай тургундар дагы бар экени белгилүү болду. Равшан Муминов өзүнүн кызматын аткаруу маалында тажик тараптан чыккан октон каза тапкан. Ал 41 жашта болгон, артында үч баласы, жубайы жана карыган апасы калганы айтылууда.
Белгилей кетсек, тажик тарап Баткендеги Лейлек районуна караштуу Максат жана Сай айылдары тарапка минометтон ок атышкан. Такталбаган маалыматтарга ылайык атышуу саат 12:30 чамасында токтогон. Чек арада жабыркагандардын тизмеси:
-1978-ж. М. Р. аскер кызматкери (каза болду);
-1995-ж. А. У. аскер кызматкери (абалы өтө оор);
-1992-ж. К. К., аскер кызматкери (абалы өтө оор);
-1989-ж. Т.у Э. аскер кызматкери (абалы оор);
— 2007-ж. (кичинекей бала 12де (оң колу менен желкесине ок тийген, абалы орто);
-1978-ж. Ж.Б. (моюнунан жаракат алган, абалы туруктуу);
-1976- ж. Р.К. (бутуна ок тийген, абалы орто);
-1973- ж. У.Р. (бутунан жана согончогунан жаракат алган, абалы орто);
-1973-ж. Э.Р. (ичине ок тийген, абалы орто);
-1978- ж. А.З. (акырегине ок тийген, абалы орто);
-1998-ж. Т. у Г. (аскер кызматкери. Бутуна ок тийген. Абалы орто);
-1997-ж. М. О. (көкүрөгүнө ок тийген. Абалы орто);
-1980-ж. С. Ж. (аскер кызматкери. Санынан жаракат алган. Абалы орто);
-1989-ж. Т. М. (аскер кызматкери. Ийининен жаракат алган. Абалы орто).

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз