Понедельник, 25 ноября

Президент чек ара чыры боюнча үн катты

0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арада түзүлгөн абал боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Кеңешмеге Президенттин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков жана КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мамлекет башчысы Баткен облусундагы чек ара участогунда чыр-чатак пайда болгондон баштап толук ыкчам маалымат алып турган. Кеңешменин катышуучулары президентке Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат беришти. Анда ок атуучу куралды биринчи болуп тажик тарап колдонгону айтылды.
Сооронбай Жээнбеков мындан ары чыр-чатакты курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле кеңешмеде белгилүү болгондой жаракат алган жарандар зарылдыгына жараша Бишкек шаарындагы ооруканаларга алынып келинет.
Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз