Понедельник, 25 ноября

Чек ара боюнча өкмөт башчы маалымат берет

0

Өкмөт башчы бүгүн саат 14:00 гө парламентке чакырылды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу өзүнүн фейсбугуна жазды.
Маалымдалгандай жыйында кыргыз-тажик чек арасындагы окуя талкууланат.
16-сентябрда Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу орун алып, андан бир аскер көз жумуп, 14 адам жаракат алган. Атышууну биринчи тажик чек арачылары баштаганы айтылган.
Баткендеги окуя коомчулуктун нааразы пикирин жаратып, кечээ кырдаалды тез арада жөнгө салып, делимитация демаркация маселесин эртелетүү талабы менен чыккан жарандар акция өткөрүшкөн.
Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү Баткенге барып, эл менен жолугуп, жаракат алгандардын абалы менен таанышып келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз