Воскресенье, 24 ноября

Тажикстан курулуш иштерин толугу менен токтотту

0

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги такталбаган тилкедеги курулуш иштери толугу менен токтотулду. Бул маалыматты жергиликтүү тургундар дагы тастыкташты.
Адистердин айтымында тажик тарап делимитация демаркация болбогон жерге курулуш жүргүзүү менен эл аралык келишимдерди бузду. Эл аралык макулдашууларга ылайык такталбаган тилкени бир дагы өлкө өзүм билемдик менен пайдалануусуна жол берилбейт. Анткен менен кошуна мамлекеттин иш аракетинен улам чек арада чыр чыгып адам өлүмүнө алып келди.
Буга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги аталган өлкөнүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө нааразычылык нотасын тапшырган.
Тажикстан республикасынын бийлиги болсо окуядан 3 адам каза болуп, 12 киши жаракат алганын билдиришүүдө.
Таджикистандын вице-премьер-министри Азим Иброхим «Озоди» радиосуна берген маегинде кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация демаркация узака созулуп кеткенин, мамлекеттер окуяны дыкат иликтеши керек экенин, ошондой эле тажик тарап муну тынчтык жолу менен гана чечүүгө кызыкдар экенин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз