Воскресенье, 24 ноября

Адамдар Акыйкатчыга эмнеге кайрылышат?

0

Учурда Жогорку Кеңеш акыйкатчынын бир жылда аткарган иштери туурасындагы отчетун угуп жатат.
Жыйында алгач Токон Мамытов баяндама жасап, андан кийин депутаттар суроо жоопко, талкууга өтүшөт.
Мамытовдун маалыматына ылайык бир жыл аралыгында акыйкатчы институтуна 3237 жамааттык кайрылуу келип түшкөн, анын дээрлик 64 пайызы борбордук аппаратка, 35 пайызы аймактык бөлүмдөргө жазылган.
Ал эми акыйкатчыга 11260 адам арызданган. Мунун басымдуусу Бишкек туура келет. Айрыкча жарандар институттун кызматкерлерин соттук териштирүүлөргө катышуусун өтүнүп кайрылышат.
Аппарат кызматкерлерин соттук отурумдарга мониторинг жүргүзүп берүүнү өтүнгөндөрдүн саны 876 адам
Милиция кызматкерлеринин иш аракетине болгон даттануулар 423;
Сот органдарынын иш аракетине болгон даттануулар 191;
Жер тилкелерин талашуу, туура эмес бөлүштүрүүлөр боюнча -173;
Прокуратура өкүлдөрүнүн аракетине даттануулар -133;
Эмгек укугу бузулгандыгы боюнча кайрылуулар — 126;
Соттук чечимдерге макул эместер -117;
Саламат сактоо кызматкерлерине нааразы болуп арыздангандар — 96;
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мекемелеринин жетекчилерине болгон нааразычылыктардын саны 920 болгон.
Бул кайрылуулардын 13 пайызы, тагыраагы 376сы арыз ээлеринин пайдасына чечилген.
Эскерте кетсек учурда Жогорку Кеңеш акыйкатчынын маалыматын угуп жатат. Мыйзам боюнча парламент жылына бир жолу акыйкатчы институтунун маалыматын угат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз