Воскресенье, 24 ноября

Баткен: Кошуна мамлекетин өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүрүп жатат

0

Учурда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болгон өкмөт өкүлдөрү тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул туурасында ЖК төрагасы Дастан Жумабеков билдирди.
Спикердин айтымында өкмөт Баткендеги чек ара жаңжалы боюнча маалыматты угууну эртеңкиге жылдырууну суранган. Өкмөт башчы эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп жатканын айтып, толук маалыматты 19-сентябрда күндүн биринчи жарымына коюуну өтүнгөн.
Депутат Талант Мамытов күн тартибинен өкмөттүн маалыматын угууну алып коюу сунушун берди.
Жыйынтыгында парламент кыргыз-тажик чек арасын эртең ар кандай маселелер саатынын ордуна карай турган болду.
Белгилүү болгондой Жениш Разаков коңшу өлкөнүн өкүлдөрү менен окуя болгон жерлерди кыдырып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Алар Бишкекке түштөн кийин учуп келишет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз