Воскресенье, 24 ноября

Марс Сариев: Латын арибине өтсөк түркөй муун пайда болот

0

Депутаттын латын алфавитине өтүү демилгеси жумшак айтканда жеңил ойлуулук. Мындай пикирин “Kyrgyz.news” сайтына саясат талдоочу Марс Сариев билдирди.
Айтымында эл өкүлү бул демилге канча деген зыян жана чыгымдарды алып келээрин билбейт.
“Өзбекстан эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында эле латын арибине өткөн. 25 жылдан бери ал өлкөдө кандай өзгөрүү болду? Мектеп окуучулары үчүн окуу китептерин гана латын арибинде чыгара алышты, а калган адабий, көркөм, тарыхый адабияттар кирилица менен калды. Алардын баарын которуп чыгууга чоң каражат жумшалмак. Жыйынтыгында, 25 жылда тарыхын, адабиятын билбеген муун өсүп чыкты. 25 жылдагы муунду жок кылышты”, — деди Марс Сариев.
Саясат талдоочу мурдагы союздун курамындагы өлкөлөр арасында бир гана Армения менен Грузия ариптен арипке өтпөй, баштапкы тамгаларын сактап калганын белгиледи.
“Ушул эки өлкө тарыхы менен байланышын үзүшкөн жок. Кыргыздар бир канча ариптерди колдонушту. Араб арибинен латынга, латындан кириллицага өтүштү. Эми кайра латынды күсөп баштагандайбыз. Муну оңой көрбөө керек, түрк тилдүү өлкөлөр ар бир жолу арибин алмаштырууда бир канча жылга артка кеткен. Эгер азыр латынга өтөбүз деп чыксак өткөн доорубуз менен байланышыбыз үзүлөт, урпактар кириллица менен жазылган көп руханий мурастарыбыздан кабарсыз калышат. Муну менен тегин, тарыхын билбеген түркөй муунду чоңойтобуз”, — деди саясат талдоочу.
Эске салсак Жогорку Кеңеш билим берүү министрлигине Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап жаткан маалда депутат Алтынбек Сулайманов кезинде Касым Тыныстанов баштаган мамлекеттик ишмерлер менен окумуштуулар 30-жылдары эле латын алфавитине өтүү демилгесин көтөрүп, латын тамгаларын кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ылайык иштеп чыкканын, бирок алардын көбү репрессияга тартылып кеткенин эске салган.
«Азыр түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан эле калыптыр. Сиздин латын алфавитине өтүү боюнча пикириӊиз кандай?», — деп сураган болочок министрден. Ал эми Каныбек Исаков латын алфавитине өтүү кыргыз тилинин өнүгүшүнө түрткү бере турганын айтып, эгер андай мүмкүнчүлүк болсо, аны колдой турганын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз