КМШ мамлекеттеринин абактарында 1598 кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул туурасында акыйкатчы Токон Мамытов Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Алардын басымдуусу Орусияга туура келет. Маселен Россиянын абактарында 1293 кыргызстандык, Казакстандын түрмөлөрүндө 241, Өзбекстанда болсо 64 жаран кармалууда.
Мамытов экстрадиция маселеси боюнча Россияга бир нече ирет барып келгенин айтты.
“Мен Россиядагы кесиптештерим менен жолугуп келгем. Экстрадиция маселеси өтө оор болуп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки багыт менен иш алып барууну макулдашканбыз. Биринчиси кыргызстандыктардын балдарын мекенине кайтаруу, экинчиси жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга жардам берүү”.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн акыйкатчынын жана кыйноолордун алдын алуу мекемесинин бир жылдык отчётун угуп жатат.