Воскресенье, 24 ноября

Мадумаров соцтармакка тараган протоколдун сырын ачты

0

Маалымат каражаттарына өкмөт тарабынан чек ара тууралуу берилип жаткан маалыматтар Тажикстандын өкмөтүнүн маалыматынан айырмаланып турат. Бул тууралуу саясатчы Адахан Мадумаров билдирди.
Эске салсак чек ара жаңжалынын тынчыбай жатканына Мадумаровду күнөөлөгөн маалыматтар пайда болгон. Анын далили катары соцтармактарга саясатчы башында турган мамлекеттик комиссиянын Кыргызстандын чек ара аймагындагы 275 чарчы жерин Тажикстанга 49 жылга ижарага берген протокол жарыяланган. Документке Адахан Мадумаровдун колу коюлган.
“Мен он жыл мурун Кыргызстандын делегациясы тажик тарап менен макулдашууга жетишкенине сыймыктанам. Бул дипломатиялык миссия болчу, анын жыйынтыгында жарандарыбыз Тажикстанга көз каранды болбой эки жакка каттап калышты. Ал убакта тажик чек арачылары Көк-Таш айылына өткөрүү пунктун орнотуп коюшкан, жергиликтүү тургундар Баткенден Ошко баруу үчүн чек ара текшерүүсүнөн өтүшү керек эле. Проткол бул маселени толугу менен чечти. Мындан кийин айланма жол жана көпүрө салынды”, — деди Мадумаров.
Саясатчынын айтымында ошондогу кол коюлган протокол иштеген жана жакшы жыйынтыгын көрсөткөн. Андан кийин да ондогон протоколдорго кол коюлган. 2009-жылдын март айында дагы бир протоколго кол коюлган. Анын натыйжасында Ош-Баткен жолунда тоскоолдуксуз кыймыл камсыздандырылган.
“Жөнөкөй мисал келтирейин, азыр коомчулук Жээнбеков протоколго кол койду деп жатат. Иштеген протоколду көрсөткүлөчү? Россия менен 30 протокол түзүлгөн. Июль айында мекемелер аралык, өкмөттөр аралык, мамлекеттер аралык протоколдорго кол коюлду. Алар ратификациядан өтсө деле иш жүзүнө ашпай келатат”, — деп белгиледи саясатчы.
16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кезектеги жаңжал орун алып, кыргыз тараптан бир аскер кызматкери курман болуп, 14 адам ар кандай жарааттар менен ооруканага түшкөн. Тажик тараптан үч адам каза болгону айтылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз