Депутаттар билдирүүлөрү кандай кесепетке кептесе да кийин жоопкерчиликти алышпайт. Мындай пикирин Елена Баялинова латын арибине өтүү маселесин талкуулаган тегерек столдо билдирди.
Эске салсак Жогорку Кеңеш билим берүү министрлигине Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап жаткан маалда депутат Алтынбек Сулайманов кезинде Касым Тыныстанов баштаган мамлекеттик ишмерлер менен окумуштуулар 30-жылдары эле латын алфавитине өтүү демилгесин көтөрүп, латын тамгаларын кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ылайык иштеп чыкканын, бирок алардын көбү репрессияга тартылып кеткенин эске салган.
«Азыр түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан эле калыптыр. Сиздин латын алфавитине өтүү боюнча пикириӊиз кандай?», — деп сураган болочок министрден. Ал эми Каныбек Исаков латын алфавитине өтүү кыргыз тилинин өнүгүшүнө түрткү бере турганын айтып, эгер андай мүмкүнчүлүк болсо, аны колдой турганын айткан.
“Бул негизи көңүл бура турган деле маселе эмес. Бирок бир депутаттын “балп”этмейин бир жумадан бери талкуулап жатып калдык. Менимче мунун баары элдин көңүлүн орчундуу маселелерден, негизги көйгөйлөрдөн алаксытуу болсо керек. УКМК чуулгандуу билдирүү таратып, коомчулукту беймазага салгандар менен күрөшөөрүн билдирип жатат. Андай болсо ушундай депутаттардын билдирүүлөрүн да токтотуу керек. Эл өкүлдөрүнүн арасында элине, мекенине кереги тийгендер дээрлик аз. Калганы ушул сыяктуу билдирүү жасоо менен гана убара. Мейли өлкөңө салымыңды кошпосоң, куру дегенде зыяныңды тийгизбей оозуңду жаап отурчу дегиң келет”, — деди Елена Баялинова.