Кыргызстандын башка мамлекеттердеги элчилеринин басымдуу бөлүгү дипломатиялык талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу саясат талдоочу Бакыт Бакетаев “Kyrgyz.news”сайтына билдирди.
“Биз геосаясатты чечип жатабыз деп жогорудан сүйлөгөн элчилер мамлекеттин акчасын пайдалануудан башканы билишпейт. Алар абдан ыңгайлуу жайгашышты, балдарын англис тилинде окутуп жатышат, үй-бүлөсү менен бейкапар чет өлкөдө эс алып жүргөндөй эле болушса керек. А бирок Кыргызстандын геосаясатында маселе көп. Алардын бирин да чечүүгө аракет кылышпады”, — деди саясат талдоочу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чырын талкуулап жатып.
Айтымында, Кыргызстан бирде Өзбекстан, бирде Тажикстан менен чек ара маселеси боюнча чырдашып жатканда өлкөнүн эсебинен дүйнөнүн канча деген мамлекетинде элчилерибиз чардап жатышат. Ал эми чек ара жаңжалдары аскер кызматкерлеринин эмес, так ошол сабатсыз дипломаттардын шалаакылыгы.
“Элчилерибиздин кылаарга иши жок. Раутка барышып, кызыл икрадан жеп жашап жатышканына курсант. Мен муну жакшы билгеним үчүн айтып жатам, 13 жыл Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер бөлүмүн башкардым. Мен чет өлкөлөрдөгү элчилер жөнүндө айтып жатам. Коңшу Тажикстан менен 28 жылдан бери чек араны тактай албай жатсак аларга НАТО менен Европада эмне бар? Мамлекеттин акчасын ашыкча кетиргенден башканы билишпейт. Чакыртып алып Тажкистан , Өзбекстан жана Россияга айдоо керек, барып өлкөсү үчүн пайдалуу иш жасашсын”, — деген Бакетаев элчилердин арасынан бир гана Россиядагы Аликбек Жекшенкуловдун иштеп жатканы билингенин айтты.
Ал дипломатия өтө аяр катмар экенин, ага татыктуунун татыктуусу гана көрсөтүлөөрүн билдирди. Аны менен катар Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсаловду сынга алды.
“Кыйкырып жарандык активист болуп жүргөн Эдил Байсалов элчи болду. Сын айтып, кыйкыргандан башканы билбеген ал кайдан дипломат болсун? Бул абдан ката иш болду. Мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланалы десек, пайдасынан зыяны көп элчилерди чакыртып алуу керек”, — деди саясат талдоочу.