Кыргызстан Монголия футболчуларынын беттешине саналуу сааттар калды. Оюн бүгүн күндүзгү саат 2де Улан-Батор шаарында өтөт.
Футбол федерациясынан билдиришкендей оюнга Ливандык калыстар тобу көз салат. Кыргызстан курама командасы кызыл, Монголия спортчулары ак түстөгү форма кийишет.
Оюнду бир катар ири соода борборлору түз алып көрсөтөт. Алардын ичинде “Asia Mall” дон көрүүгө мүмкүн.
Акыркы учурда Кыргызстандагы башкы телеканалдар республиканын аймагынан тышкары жерлерде өткөн маанилүү оюндарды түз эфирде көрсөтпөй калганы коомчулукта түрдүү пикирлерге жем таштоодо.
Кечээ Улан-Батордо эки команданын башкы машыктыруучулары маалымат жыйын беришкен. Анда Монголиянын тренери “Кыргызстандын футболисттерине салыштырмалуу бизде үч артыкчылык бар. Биринчиси биз өзүбүздүн талаадабыз, экинчиден күйөрмандарыбыз колдоо көрсөтөт, үчүнчүсү жаштар арасындагы оюнда Монголия Кыргызстандан утулуп калган, бирок азыр биздин курама команда оюнга чыгат” –деген.
Буга чейин улуттук команда Тажикстандан 1:0 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0 эсебинде уткан.
Эскерте кетсек беттеш 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында жүргүзүлүүдө. Кыргызстан командасы «F» тайпасында, Тажикстан, Мьянма, Монголия анан Япония менен бет келет.