Россия дарыгерлердин таңкыстыгын жоюу үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү адистерди тартууну чечти. Саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык коргоо министрлиги мындай кадам эң туура болоорун жана келечекте натыйжалуу жыйынтык берээрин жарыялады.
Министрликтин маалыматына караганда бүгүнкү күндө Россия медициналык кызматкерлерге абдан муктаж. Жалпы өлкөдөгү медициналык кызматкерлердин саны жалпы керектөөлөрдүн 4 пайызын гана жабат. Ооруканаларды эсептебегенде поликлиникаларда эле 25 миңден ашуун дарыгер, 130 миңдей медайым жана башка медициналык кызматкерлер жетишпейт. Ошондуктан Россия КМШ өлкөлөрүнөн медицина адистерин чакырып, иш менен камсыз кылуу менен маселени жөнгө салууну чечти. Аны менен катар Россиядан окууну аяктап чет өлкөлөргө иштеп кеткен орусиялык дарыгерлерди да кайра мекенине кызмат өтөөгө көндүрүү жол-жоболору иштелүүдө.
Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн барган дарыгерлер орус паспортторун жеңилдетилген түрдө ала алышат. Дарыгердин ордуна россиялык жана башка жактан келген адис атаандаш болуп калса келгендердин тизмеси ыкчам тартипте кайра оңдолот.
Эске салсак Россияда дарыгер жана медициналык кызматкер болуп иштеп жаткан кыргызстандыктар көп. Орус мыйзамынын негизинде 1990-жылга, тагыраак айтканда СССР тараганга чейин жогорку же орто билим алган дарыгер жана медайымдардын диплому анын кайсы өлкөдөгү окуу жайын аяктаганына карабай кабыл алынат. Ал эми 1990-жылдан кийин Кыргызстандагы медициналык жогорку жана орто окуу жайын аяктаган адистер орус жергесинде кесиби менен иштеши үчүн дипломун атайын тастыктоодон өткөрүшөт.