Парламенттик шайлоого коюлуп жаткан 9 пайыздык босого чек Кыргызстанда үчүнчү революцияга алып келет. Мындай пикирин “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу “kyrgyz.news” интернет сайтына билдирди.
“Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоого карата сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы партияларга коюлуп жаткан шарт өтө таатал. 9 пайыздык босого чек жана 5 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсү менен 2020-жылдагы парламентке акчасы жок партиялар келе албайт. Бул өз кезегинде коомчулуктун толкундоосуна алып келет. Ансыз деле учурда элде депутаттарга болгон нааразычылык чоң”, -деди Бакир Уулу.
Ошондой эле “ЭрК” партиясы Кыргызстан парламенттик башкаруудагы өлкө боло албай турганын көрсөттү деп эсептейт. Мындан улам парламенттик системаны жоюуну, парламенттик башкаруу формасына алып келген шайлоону 100 пайыз жокко чыгарууну сунуш кылышууда.
Айта кетсек “ЭрК” партиясы келерки парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылы өтөт.