Суббота, 4 мая

Ички иштер министрлиги 2018-жылы кандай иштеди?

0

Ички иштер министрлиги 2018-жылы кандай иштеди?

5-февралда КРнын ИИМ жетекчиси, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев 2018-жылдын жыйынтыгы менен маалымат жыйынын өткөрүп төмөндөгүлөргө токтолду. Ага 60 чукул жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып, алардын жарымы гана суроо берүүгө үлгүрдү.

Министр маалымат жыйынын жүрүшүндө төмөндөгүлөргө токтолду. Биринчиси, коомчулуктун жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, криминалдык коркунучтарга каршы күрөшүү, укук бузуларды алдын алуу үчүн мамлекеттик тутумду жакшыртуу, коомдук жайлардагы криминалдык абалды көзөмөлдөө жана коомдук коопсуздукту сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү багыты.
Негизинен айтканда, Ички иштер министрлиги 2018-жылы Президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбековдун Жарлыктарын, анын ичинде “Аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндө” Жарлыгын, Коопсуздук кеңешинде койгон тапшырмаларын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн токтомдорун, анын ичинде Өкмөттүн “Ишеним, Биримдик, Жаратмандык” программасынын негизинде, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында иш-чараларында белгиленген негизги багыттарды аткарууда үзгүлтүксүз иш аракеттерди көрүп келдик.

Биз, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишмердүүлүгүнө байланышкан негизги маселелерди 24-январда коллегияда карап, өзүбүздүн ишибизге сын көз менен карап, кемчиликтерди аныктап жана аларды жойуу аракеттери боюнча бир катар тапшырмаларды өздүк курамдын алдына койдум.
Мен жыл жыйынтыгы боюнча коллегияда коллегияда Ички иштер органдарындагы бүгүнкү күнгө чейин орун алган кемчиликтерди жаап-жашырбастан ачык айтуу менен калыс чечим кабыл алып, ишти илгерилетүү максатында бир катар иш чараларды белгиледик.
Талдоонун негизинде айта турган болсом, 2018-жылы республика боюнча укук коргоо органдары тарабынан 29 миң 718 кылмыш катталган. Ал эми ички иштер органдары тарабынан 26 миң 553 кылмыш катталып, кылмыштын жалпы санынын 89,3 пайызын түздү, кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшүндө 19 миң 861 кылмыштын бети ачылган.

Мен эмнеге сандарды айтып жатам, себеби он жыл мурдагыдан айырмаланып өткөн жылдын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун ортосундагы тирешүүлөр, буюртма киши өлтүрүү фактылары катталган жок, быйылкы жылы катталган өтө оор мүнөздөгү кылмыштардын 90% пайыздан жогору бети ачылган.
Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, укук бузууларды алдын алуу, эскертүү жана ага бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМи тарабынан бир катар уюштуруучулук-практикалык иш-чаралар иштелип чыккан. Жалпы билим берүү мекемелеринде алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө талап кылуу фактыларын аныктоо жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ишмердүүлүгүндөгү эң негизги багыттардын бири болуп саналат.
Жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштар боюнча.
Ички иштер органдарынын жетекчилери, орун алган көйгөйлөр боюнча тиешелүү иштерди уюштура албагандыктары үчүн, кылмыштуулук өскөн.
Анткени, бул багытты караганда, 2017-жылы жаш өспүрүмдөр тарабынан 1 миң 81 кылмыш жасалса, 2018-жылы, бул көрсөткүч 1 миң 432ге жеткен.
Жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардан тышкары, жаш өспүрүмдөргө карата 2017-жылы 1 миң 75 кылмыш жасалса, 2018-жылы 1 миң 473 кылмыш жасалган.

Буга карабастан, биз иштей турган иштер арбын – бул мурдагы жылдарда жасалып, коомчулукта резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачуу. 2018-жылдын жыйынтыгы менен ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча өткөрүлгөн ИИМдин коллегиясында тиешелүү кызматтарга бардык багыттар боюнча тапшырмалар коюлду.
2018-жыл ичинде милиция кызматкерлери тарабынан баардыгы болуп 210 ыкчам каттоодо турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрү ар кандай кылмыш фактылары менен кармалган, анын ичинен: 44 (58) уюшулган топтордун мүчөлөрү жана 166 (183) ар түрдүү топтордун мүчөлөрү, кармалгандардын ичинен 7 адам криминалдык чөйрөдө жогорку статусун алып жүргөндөр.
Издөөдө жүргөн 6 уюшкан кылмыштуу топтордун жана 22 ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалган.
Каттоодо турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү жасаган кылмыш иштеринин бетин ачуу жана ага бөгөт коюуга, кылмыштуу түзүмдөрдү аныктоого, аларды каржылоонун булактарынын жолдорун буу, андан сырткары мамлекеттик кызматкерлерге, жогорку кызматтагыларга терс таасири тийип калбашы үчүн бир багыттуу иштер алып барылууда.

Ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө. Мен ыкчам кызматтарга оор жана өзгөчө оор кылмыштарды, айрыкча мурда жасалган кылмыштардын бетин ачуу боюнча дайыма тапшырмаларды берип келемин жана алардын ар бири менин жеке көзөмөлүмдө турат.
Жол коопсуздугу боюнча бир аз токтоло кетели. 2018-жылдын ичинде унаажолдордо жана көчөлөрдө, алты миң жол унаа кырсыгы катталып, бул мурдакы жылга салыштырмалуу жол унаа кырсыгы -5,5% азайган. Жол унаа кырсыгынан каза болгондордун саны-21,0% азайды, жаракат алгандардын саны -4,2% азайды. Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол унаа кырсыгы 1500 жакын катталган, 0,9% азайды, 80 ашуун жаш өспүрүм каза болсо, 1500 бала ар кандай оор жаракаттарды алган.

Биринчи жолу статистикалык анализдин көрсөткүчү кырсыктын жана жол унаа кырсыгынын азайуусун көрсөттү.
Биринчи жолу жаш өспүрүмдөр катышкан жол унаа кырсыгы 80ге чейин азайды.
Өткөн жылда ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан 995795 административдик протоколдор түзүлдү.
Негизги эреже бузууну аныктоодо төмөнкүлөр болду;
• Унаа каражатын мас абалда башкаруу боюнча -11593;
• Ылдамдыкты жогорулатуу боюнча -116289;
• Кесилиштерден өтүү эрежесин бузуу, ашуу жана маневр жасоо, кыймылдын каршы тилкесине чыгуу, жол белгилеринин талаптарын сактабоо, токтоо жана унаа токтотуучу жайдын эрежеси бузуу- 30774;
• Унаа каражатын караңгылатуу боюнча- 2804;
• Унаа каражатынын мамлекеттик номурун өз эрки менен чечүү — 1684;
• ИИОнун кызматкерлерине баш ийбөө -2011;
• Жөө жүргүнчүлөр тарабынан бузуулар- 2757;
• Унаа каражатын башкарууда, документтин жоктугу- 17344;
• Башка жол кыймылынын эрежелерин бузуу- 810539;
• Атайын айып унаа токтотуучу жайга 41612 унаа каражаты токтотулду.
2018-жылдын 12 ай ичинде ар кандай мыйзам бузуулар жана кызматтык тартиптик жазага 700гө жакын бөлүмдүн кызматкерлери жазага тартылды. 2018-жылдын ыкчам жыйындын жыйынтыгы менен ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн 20 кызматкери тартиптик жазага тартылды.

Экинчи багыт, ички иштер органдарынын катарындагы коррупцияга каршы күрөшүү, колу таза эмес кызматкерлерди тазалоо боюнча талаптарды күчөттүм..
Ички иштер органдарынын кызматтарында кызматтык тартипти бекемдөө менен кесиптик жана күжүрмөн даярдыктан күчөтүү. Ушундай комплекстүү кадамдар милиция кызматкерлеринин професионалдуу деңгээлин жогорулатып, учурдагы кылмыштуулук менен татыктуу күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Ички иштер органдарынын катарындагы кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды жоготуу биздин негизги багыттарыбыздын бири. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга, милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштерге аралашкан, андан сырткары баңгикылмыштуулугу жана башка мыйзамсыз иш-аракеттер менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган абийирсиз кызматкерлерди ички иштер органдарынын катарынан тазалоо боюнча иштерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле ИИОнун кызматкерлеринин бөлүмдөрүндө кызматтык тартипти бекемдөө талап кылынган.
Биз ички иштер органдарыны курамында болгон тартип бузууларды, мыйзамсыз жоосундарды жана алар тарабынан жасалган кылмыштарды өзүбүз таап, аныктап кызматтык иликтөө жүргүзүп, анан юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберип жатабыз.

2018-жыл ичинде кылмыш жасагандыктары үчүн ИИОнун кызматкерлерине карата 67 (90, -23) кылмыш иши козголуп, бул боюнча 83 (117, -34) кызматкер жоопкерчиликке тартылган.
2018-жыл ичинде ар кандай тартип бузуулар боюнча 5811 кызматкер тартиптик жазага тартылышкан. Алардын ичинен 71 кызматкер тартипти одоно бузгандыгы үчүн ИИОнун кызматынан бошотулса, 205 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган.

2018-жыл ичинде мыйзам бузуу жоопкерчилигине 1475 кызматкер тартылган, анын ичинде: ЖПКнын нормаларын бузуу-343, кылмышты учеттон жашыруу-139, жасалма документ колдонуу-14, жол транспорттук окуя-27, автоунааны мас абалында башкаруу-67. Мыйзамдуулукту бузгандыгы үчүн 49 кызматкер ИИОнун кызматынан бошотулган, 51 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган.
Учурда ички иштер министрлиги өздүк курамдын ичинде айрыкча коррупцияга байланышкан кылмыштар менен мыйзам бузуулардын бетин ачуу жана ага байланышкан кызматкерлер менен аёсуз күрөшүү, мыйзамсыз кармоо жана уруп-сабап кыйноо, б.а. адамдардын укугун тепсеген фактылардын бетин ачуу жана алар менен аёосуз күрөшүү, кызматкерлерди коргоо, мыйзам менен тартип бузууну болтурбоо максатында алдына-ала аткарылуучу иш-чаралар боюнча чечкиндүү кадамдарга баруу жана ошол максатта талыкпай иштөө – негизги милдеттерибизди бири болуп саналат.
Ички иштер органдарынын катарынан кызматтын кызыкчылыктарын саткан, коомдун алдында милициянын беделин түшүргөн, мыйзамдуулукту бузган, пара алган, мыйзамсыз иш-аракеттери менен орду толтурулгус зыян келтирген кызматкерлерден тазалоого багытталган иш дайыма менин көзөмөлүмдө турат.
ҮЧҮНЧҮ БАГЫТ, ички иштер органдарын реформалоону өнүктүрүү жана элдин милицияга болгон ишенимин чыңдоо боюнча боюнча комплекстүү тиешелүү чараларды көрүү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялаган Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасынын талаптарын аткаруу максатында, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы жана Ош шаарындагы милициянын бардык бөлүмдөрүн кыдырып чыктым. Жер-жерлерде жарандар менен кезигип, жолугушууларды өткөрдүм.
Жергиликтүү тургундар менен, бийлик органдары менен жер-жерлерде чечиле турган маселелерди сүйлөшүп, аны иш жүзүнө ашыруунун механизмдерин да аныктадык. Көйгөйлөрдү жеринен көрүп, чек-арага жакын аймактардын элдин арыз-сунуштарын жеринен таанышып келдим. Быйыл өзүңүздөр билгендей региондорду өнүктүрүүдө — биздин да ролубуз жогору. Анткени, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүнүн сапаттык деңгээлин көтөрүү, милиция кызматкерлеринин жана ардагерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү дагы региондорду өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз деп эсептейм.
Кыргыз Республикасынын Презиндентинин “2018-жылды аймактарды өнүктүрүү Жылы деп жарыяланган” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде реформанын алкагыныда ИИМдин, ИИББнын-ИИБнын аппараттык санын оптималдаштыруу өткөрүлдү, анын алкагында аппараттарда 625 бирдик кыскартылып, аймактык бөлүктөрдү ошону менен бирге милициянын шаардык жана айылдык бөлүм-бөлүмчөлөрүн чыңдоо үчүн берилди.
Бишкек шаарынын ИИББнын Кайгуул-күзөт полкунун түзүмүндө Бишкек шаарынын туристтик аймактарында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында пилоттук долбоор катарында 2 туристик взвод түзүлдү.

Оптимизациялоо процессинде жетектөөчү курамдан 37 бирдик кызмат орду кыскартылды.Милициянын аймактык өкүлү 100 бирдик, жашы жетпегендердин иши боюнча тескөөчү 25 бирдик, нөөмөт бөлүмдөрү 45 бирдикке саны көбөйтүлдү.
Кабыл алынган чараларга карабастан милициянын аймактык өкүлүнүн жумушу олуттуу бойдон калууда. Өткөрүлгөн талдоонун негизинде милициянын аймактык өкүлүнүн жумушу олуттуу экенине байланыштуу бул категориядагы кызматкерлердин санын көбөйтүү чечими кабыл алынды.
2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы редакциядагы кодекстерди колдонууга киргизүүгө байланыштуу республикадагы ИИОдо алгачкы текшерүү бөлүктөрү түзүлдү, алар үчүн 255 бирдик кошумча бөлүндү.Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин жана Бузуулардын бирдиктүү реестрин эфективдүү иштөө максатында 2018-жылы республикадагы ИИББна-ИИБна кошумча — 9 бирдик аттестацияланган курамга жана 9 бирдик жалданма курамга киргизилди (программистер) КЖБР(ЕРПП) жана ББР(ЕРН) киргизүү боюнча. Ошондой эле, ар бир райондук бөлүктөрдө жогоруда көрсөтүлгөн реестрлерди киргизүүнү ишке ашыруу боюнча кызматкерлер бекитилген.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын түзүмүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору “Бирдиктүү терезе” Бишкек шаарында түзүлдү. Азыркы убакта республиканын ар бир аймактарында ушуга окшогон Борборлорду түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Бирдиктүү терезе бул –жарандын кылмыш жоопкерчилигине соттулугу бар же жок экендигин аныктоочу тактамаларды берүү маселесин жана тиешелүү документтерге опастиль басуу маселеси жана лицензиялык уруксат берүү маселеси, жардыруучу заттарды ташыган автоунаа каражаттарын коштоо боюнча кызмат көрсөтүү маселеси боюнча иш алып барат.
Бирдиктүү терезенин милдети – жарандардан арыздарды, кайрылууларды бир жерден кабыл алып, бир жерден чече турган кызмат мыйзамдын чегинде жана белгиленген тартипте жарандардын суроо-талаптарын камсыз кылуу болуп эсептелет. Аталган кызмат Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын имаратында жайгаштырылып, бүгүнкү учурда жарандарды тейлөөдө жогорку чеберчиликтерин көрсөтүүдө

Жакынкы убакта милициянын аймактык өкүлдөрүн, жашы жетпегендердин иши боюнча тескөөчүлөрдүн бөлүктөрүн чыңдоо менен республикадагы ИИОнун санын жана түзүмүн оптимизациялоо боюнча экинчи этап пландаштырылууда. Реформалоону өнүктүрүүдө эң башкысы коомчулуктун ишенимине ээ болуу үчүн коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоочу тутумду түзүү керек. Ал үчүн бийликтин ар бир бутагы менен кызматташуу, жарандык институттар менен бирге башталган реформаны, белгиленген программаларды жана долбоорлорду иш-жүзүнө ашырууга жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берет. Бүгүнкү күндө милициянын кадыр-баркын көтөрүүгө жана мага ишенип берилген коомдук тартипти сактоодогу бардык тапшырмаларды так жана акыйкат аткарууга практикалык тажрыйбам, кызматтык принциптерим жана тутунган багытым да жетиштүү десем жаңылышпайм.

Элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу. Эгерде эл милицияга ишене баштаса, ошондо милиция иштей баштайт. ИИМде элдин ишенимин арттыруу боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Анткени ички иштер органдарына болгон элдин ишенимин жогоруулатуу эң башкы максаттардын бири. Милиция кызматкерлери элдин алдында кесипкөйлүүлүк жана адамкерчилик жактан жогорку критерийлерге ээ болушу керек.
Элдин ишенимине ээ болуу үчун биз ар тараптуу кызматыбызды так жана сапатуу жүргүзүшүбүз керек мына ошол багытта Ички иштер министрлиги тарабынан “Бирдиктүү терезе” долбоору ишке ашырылды.
Биздин негизги максатыбыз – коомдун, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу мамлекеттик тутумун жогорулатуу болуп саналат. Ички иштер органдарынын потенциалын чыӊдоо жана жарандардын конституциалык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, жарандардын, коомдун жана өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик маанилүү объектилерди коргоо Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыз кылуу системасын өркүндөтүүгө багытталган масштабдуу реформаларды жүргүзүүгө жетишүүнүн негизги жагдайы болуп эсептелет.

Мына мен жогоруда атаган багыттардын бардыгы, белгиленген иш чаралардын үзгүлтүксүз аткарылышы айкындыкты, ачыктыкты жана коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө сөссуз түрдө эл ишенмине арзууга алып келет. Ошол себептүү биз ар дайым элдин мүдөөсүн аткарып, элге кызмат кылуу менен ишибизди улантып келе бермекчибиз.
Төртүнчү багыт. Мен ушул жерден Сиздерге дагы олуттуу маселе тууралуу да айта кетейин. 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекстер күчүнө кирет жана биз кемчиликтерди кетирип албоо үчүн бардык аракеттерди-окутуп үйрөтүү процесстерин жүргүздүк.

Кылмыш-жаза жоруктар институтун ишке ашыруу үчүн ИИМдин Тергөө кызматынын түзүмү реформаланды. ИИМдин Тергөө кызматынын түзүмүндө 255 штаттык бирдикте анча оор эмес кылмыштарды тергөө боюнча жаңы Башкармалык түзүлдү, анда 2019-жылдын январь айынан тартып ИИМдин түзүмүндө өз алдынча Ыйгарым укуктуу башкармалыкка жоруктар иши боюнча сотко чейинки өндүрүш үчүн алгачкы текшерүү органы ишин баштады.
Биз Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстеринин натыйжалуу иштешине шартты толук түзөбүз. Биз коопсуздуктун учурдагы талаптарын эске алуу менен Кыргыз милициясынын тарыхында сакталып калган мыкты тажрыйбаларды колдонобуз. Кылмыштарды электрондук түрдө каттоо долбоорун да ишке киргиздик. Бул деген кылмыштарды каттоо боюнча бирдиктүү маалыматтар базасы катары эсептелет. Ошондой эле Бузуулардын бирдиктүү реестри да ишке киргизилди. (ЕРН) ишке ашыруу боюнча иштер жүрүүдө.

Жогоруда мен белгилеп кеткен жагдайлар, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук тартипти сактоо, ички тартипти сактоо жана реформалык иш-аракеттерди ийгиликтүү жүргүзүүнүн негизги принциптерин иш жүзүнө ашыруу- коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө сөссүз түрдө өз жемиштерин берет,- деп белгиледи Кашкар Жунушалиев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз