Среда, 27 ноября

Ишкердин өлүмүнө шектүүлөр абакка которулушту

0

Ишкер Хуфур Абдурахмендин өлүмү боюнча кармалгандар СИЗОго которулушту. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды.

Бишкек ШИИБинин маалыматына караганда киши өлтүрүү боюнча шектүүлөр 18-октябрда Бишкекте кармалышкан. Андан сырткары бул кылмыш иши боюнча күбө катары өтүп жаткандар да көп. Иликтөө учурунда дайынсыз жоголгон ишкердин сөөгү кайсы жерге көмүлгөнү да белгилүү болгон. Анын сөөгү Нарын облусунун Кочкор айылынын четинен табылган.

Ал эми маркум ишкерге таандык «BMW Х5» автоунаасын кара түскө өзгөтүп боешуп, өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракеттенишкен. Бирок ойлогондору ордунан чыкпай “Сосновка” көзөмөл – өткөрүү пунктунан кармалып калышкан.

Ошондо кылмыш ишинде шектүү катары 1964-жылы туулган К. Э., 1990-жылы туулган Ш. У., 1990-жылы туулган Б.К., 1986-жылы туулган Д. В. аталды.

Хуфур Абдурахмен 4-октябрда саат 18.00 чамасында “Мадина” базарынан автоунаасын айдап чыккан бойдон дайынсыз кеткен. Бир күндөн кийин туугандары милицияга жардам сурап кайрылышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз