Среда, 27 ноября

Той берүү кезеги Бекназаровго жетти

0

Азимбек Бекназаровдун уулунун тоюнда да саясаттагы “ар кошкондордун” башы бир жерге бирикти. Экс-прокурор тойго Роза Отунбаеваны, Өмүрбек Текебаевди, Үсөн Сыдыковду, Эмилбек Каптагаевди чакырганы белгилүү болду.

Той Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында өттү. Экс-аткаминерлер менен катар учурдагы депутаттар Алтынбек Сулайманов, Мыктыбек Абдылдаев да барган. Бирок бул тойдон сүрөт азырынча жарыялана элек.

Буга дейре депутат Руслан Казакбаев да уулун үйлөп, ага саясаттын ар кайсы жээгиндеги саясатчылар чакырылган. Алардын кечээ эле каршылашып жүрүп, эми минтип бир дасторкондон даам татышканы коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Айрыкча Текебаев, Бабанов жана Атамбаевдин уулу Кадырдын чогуу түшкөн сүрөтү көпчүлүккө жаккан эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз