Өзбекстан өкмөтү түркиялык Gunes Tekstil Konfeksiyon Sanayi ve Ticaret Ltd ишканасына 40 миллион доллар компенсация төлөп берет. Мындай чечимди Эл аралык арбитраждык соту кабыл алды.
Түркиялык ишкер Вахид Гюнеш 2012-жылы эл аралык арбитраждык сотко кайрылган жана 2004-2011-жылдары Ташкентте Turkuaz соода борборун негиздеген мүлкү конфискацияланганын айтып аны кайтарып алуу ниетин билдирген.
Инвестициялык талаштарды чечүүчү борбор (ICSID) бул ишти жети жыл бою карады. Акырында чечим түрк ишкеринин пайдасына чыгарылды. Белгилей кетсек борбордун офиси АКШда жайгашкан.
Түркиялык ишкер 180 миллион доллар талап кылышканын, бирок сот 40 миллион долларга гана чегергенин белгилеп, ага карабай аталган борбордун чечимине ыраазы болгонун билдиргени менен Ташкент аны кандай кабыл алаары белгисиз. Азырынча Өзбекстан өкмөтү расмий маалымат бере элек.
Түркиялык ишкер Вахид Гюнеш Өзбекстанда жети жыл ишкердик менен алектенгенден кийин “салык жашыруу жана көмүскө экономиканын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” айыбы менен тогуз ай камакта отурган. Андан соң өзбек бийлигине 700 миң доллар айып төлөп Өзбекстандын аймагынан чыгып кеткен. Ал эми Turkuaz соода борбору 2011-жылы жабылган.