Спорт сарайына демөөрчүлүк кылган «Элит Хаус» курулуш компаниясы коомчулуктун кескин сынына кабылды. Социалдык түйүндүн колдонуучулары аталган компаниянын эмблемасы чапталган отургучтардын сүрөттөрүн жүктөп, мамлекеттик спорттук мекемедеги бул көрүнүшкө терс пикир калтырышууда.
Журналист Канышай Мамыркулова: “Демөөрчү десе эле делпеңдей беребизби? Кичирээк кылып эле этегине жазып койсо болот эле го. Борбор калаанын жүзү болгон Спорт сарай го акыры…”,-десе, Kuban Chimbaev аттуу жаран: “Беттерине да жаздырып алышпаптырда ары жок чиновниктер. Бир тактай доскага жазып койсо деле билет элек да»,-деп жазды.
Ошол эле учурда, «эски отургучтарга салыштырмалуу бул жакшы көрүнүп калыптыр, деги бизге эч нерсе жакпайт» деп колдоого алгандар дагы жок эмес.
Айрым Фейсбук колдонуучулары муну шакаба чегип, ар кайсы расмий өкүлдөрдүн отургучтарына «Элит Хаус» деген сөздү чаптап жайылтышууда.
Кээ бир маалыматтарга ылайык отургучтардын ремонтуна 20 млн сом корогон.