Среда, 27 ноября

Экинчи төрөбөйм деген эне 22-баласына кош бойлуу

0

Улуу Британиянын өлкөсүнө көп балалуу эң жаш эне катары таанылган жашоочусу 22 –ирет кош бойлуу болуп калганын жар салды.

Сью 44 жашта, ушул курагында 21 балага эне болууга жетишти. 21-перзентин жарык дүйнөгө алып келгенден кийин “болду, экинчи төрөбөйм” деп коомчулукка убада берген.

Бирок Youtubeдагы The Radford Family каналы аркылуу дагы көз жарууга камынып жатканын ачыктады. Айтымында учурда ичиндеги түйүлдүккө 15 жума болду, жакында жолдошу экөө анын жынысын билүүгө УЗИге барышат. Сью эркек балалуу болгусу келип жатканын айткан, анткени бул сапар эркек бала төрөлсө анын 11 уул жана 11 кызы болот.

21-перзентин 2018-жылы төрөгөн. Бул көп балалуу үй-бүлө мамлекеттен эч кандай кошумча жөлөкпул албайт, алардын негизги кирешеси үй-бүлөлүк наавайканасынан түшкөн каражат. Навайканада үйдүн кожоюну менен улуу балдары иштейт.

Тогузунчу перзентти жарык дүйнөгө алып келишкенден кийин Сьюнун күйөөсү дарыгерлердин жардамы менен балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыроону чечкен, бирок кийинчерээк жубайлар кайра ойлонушуп эркек кайрадан операция жасаткан.

Аял көбүнесе балдарды чоңойтууга көп каражат жумшалаарына жана үй тиричилиги көп убактысын алаарына даттанып келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз