Пятница, 22 ноября

Футбол боюнча курама команда Өзбекстан менен беттешет

0

Кыргызстандын курама командасы жакынкы күндөрү Өзбекстандын футболисттери менен достук таймашын өткөрөт. Бул туурасында футбол федерациясынан билдиришти.
Аталган эки команда алдыда боло турчу 2022-дүйнө чемпионаты жана 2023-Азия Кубогу мелдештерине тандоо турунун алкагында, даярдык көрүү масатында достук турнирин өткөрөт.

Маалыматка ылайык оюн 9-ноябрда Ташкенттеги “Пахтакор” стадионунда өтөт. Кыргызстан курама командасы мындан тышкары Япония менен Тажикстан командалары менен боло турчу беттешүүлөргө даярдык көрүп баштады.

Айта кетсек, аталган оюндар 14-ноябрда саат 17.15 те Япония менен, ал эми Тажикистан менен 19-ноябрда саат 20.00 болот. Эки мелдеш тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Эске сала кетсек улуттук курама 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Мьянма командасын 7:0 эсебинде уткан. 15-октябрда Монголия менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Ал эми биринчи беттешин Тажикстан менен конокто ойноп, 1:0 эсебинде жеңилип калган эле.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз