Пятница, 17 мая

Гемодиализдин кошумча сеанстары бекер болот

0

Саламаттык сактоо министрлигинде гемодиализдин кошумча сеанстарына муктаж болгон бейтаптардын маселеси каралды. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык бейтаптар өкмөттүн жаңы токтомунун негизинде гемодиализ ала башташты. Андагы гемодиализдин бир жолку бекитилген баасы 4 миң 700 сомду түзгөн. Муну мамлекет төлөйт. Ошондой эле жарандар гемодиализ алуу үчүн каалаган оорукананы тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин бейтаптарды кабатыр кылган 13-14 сеанс туурасында маселе жаралбай турганын билдирүүдө.

“Гемодиализ алган бейтаптардын ар бир сеансы катуу көзөмөлгө алынган. Бир дагы жаран кошумча акча төлөгөн жок. Жаңы эрежелерге ылайык дагы 152 адамды мамлекет өзү каржылай турган болду. Кошумча 550 сом деген жобо алынып салынды. Ал эми кошумча 13-14-сеанстар боюнча маселе жакынкы күндөрү чечилет”,-деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек Каржы министрлигинин билдиришинче гемодиализ алган бейтаптардын чыгымын толугу менен мамлекет төлөйт. Ал үчүн бюджеттен ушул жылы 651 миллион сомдон ашык акча каралган. Кийинчерээк кошумча катары дагы 322 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Натыйжада 2019-жылы гемодиализге 974 миллион 200 миң сом каралган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз