Воскресенье, 5 мая

Россия, Түркия жана Казакстан дүйнөнүн эң көп алтын сатып алган өлкөлөрү

0

Россия, Түркия жана Казакстан дүйнөнүн эң көп алтын сатып алган өлкөлөрү

2018-жылында дүйнө жүзүндөгү банктар 1971-жылдан берки эң көп өлчөмдөгү алтынды сатып алышты. Ал эми Россия жана Түркия дүйнөнүн эң көп алтын сатып алган өлкөлөр катары алдыга озуп чыгышты.

Дүйнө Алтын Кеңеши (WGC) тарабынан жарыяланган отчетто 2018-жылда дүйнө жүзүндөгү банктар тарабынан сатып алынган алтындын көлөмү 651.5 тонна болуп, 1971-жылдан берки эң жогорку деңгээлге жетти.

Россия “доллардан кутулуу” саясатына ылайык өткөн жылы 274.3 тонна алтын алуу менен 2018-жылда дүйнөнүн эң көп алтын сатып алган өлкөсү болду. Айрыкча Америкага тиешелүү баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн кирешени алтын алууга сарптаган Россиянын алтын резерви 2018-жылдын аягында 2 миң 133 тоннага жетти.

Түркия  болсо, өткөн жылы алтын резервин 51.1 тоннага көбөйтүү менен дүйнөнүн эң көп алтын алган экинчи өлкөсү болду.

Сегиз жылдан бери үзгүлтүксүз алтын резервин көбөйткөн Казакстан өткөн жылы 50.6 тонна алтын алуу менен дүйнөнүн эң көп алтын алган өлкөлөр арасында үчүнчү орунду алды.

Ошентип, дүйнөдөгү бардык борбордук банктардын жалпы алтын резервдери 2018-жылда 2017-жылга салыштырмалуу 74 пайызга көбөйүп, болжол менен 34 миң тоннага жетти.

Бул отчетто борбордук банктар резервдерин диверсификациялоо жана  ишенимдүү тармактарга инвестициялоого басым жасаганы айтылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз