Балдар бакчасына барган балдардын саны мурда 18 пайызды түзсө учурда алардын саны 30 пайыздан ашкан. Бул тууралуу “kyrgyz.news” сайтына депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.
“Мен муну мыйзам чыгаруучу органда иштеген жылдар аралыгындагы эң чоң жетишкендик катары баалайм. Анткени мен чыгарган мыйзамдан мамлекетибизде кичине өзгөрүү болду же мамлекетибизге пайда тийди деген долбоорлордун бири болуп ушул эсептелет. Биз ушул мыйзамды демилгелеп жеке балдар бакчасына салыктын 4 түрүн алып салууну киргизгенбиз. Ошол кезде бакчага барган балдардын саны 18 пайыз болчу. Азыр сурасак бала бакчага баргандардын саны 30 пайыздан өткөнүн билдиришти. Муну менен биз 18 пайызга чейин балдардын бала бакчага баруусуна мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Бул өтө туура кабыл алынган. Аталган мыйзам менен биз балдардын бала бакчага баруусун 50 пайызга жеткирүүнү көздөйбүз”,-деди депутат.
Ошондой эле Зулпукаров жеке балдар бакчасын курууда салыктын жеңилдигин көргөн ишкерлер бала бакча иштетип башташканын белгилеп, эми бир-эки жылдан кийин текшерүүлөрдү киргизе баштасак болот дейт: “Норма боюнча бир балага 6-7 квадрат метрден жогору аянт туура келет. Балдар эки, үч кабат керебеттерде уктабашы абзел. Ушул сыяктуу маселелерди талап кылышыбыз зарыл”.