Понедельник, 25 ноября

Кыргызстандыктарды ашык кылган АКШ

0

Америка Кошмо штаттарына кетүүнү көздөгөн кыргыз жарандарынын саны жыл санап өсүп жатат. Бул тууралуу «Kyrgyz.news» сайтына Ардак Мамыров аттуу жаран интервью берип жатып билдирди.

Айтымында ал АКШ мамлекети ойнотуп турчу «ГринКард» лотореясын толтуруп иштейт.
«Акыркы эки -үч жылдан бери жарандарга «ГринКард» лотореясын толтуруп берип иштейм. Негизи чет өлкөдө мыйзамдуу иштегиси келгендерге акчасына кызмат көрсөтөбүз. Ар жыл сайын бир ай бою «ГринКард» толтуруп каражат табабыз. Бул жылы дагы лоторея толтуруп жатабыз. Негизи «ГринКардды» ар бир жаран өзү толтуруш керек, бирок ал англис тилинде болгондуктан көпчүлүгү бизге окшогон агенттиктерге кайрылышат. Анткени бир эле тамгадан ката кете турган болсо лотореядан четтеп каласың. Жыл сайын бизге кайрылгандардын саны өсүүдө. Мисалы былтыр 75 миң адам толтурган, быйыл мындан дагы ашат деп жатышат»,-дейт Ардак.

Айта кетсек АКШ бийлиги жыл сайын дүйнө элдеринин 10 миң адамына Америкада жашап иштөөсүнө шарт түзөт. Мунун ичинде Азия чөлкөмү жана Кыргызстан дагы бар. Бул жылы 240 кыргызстандык АКШга кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. ГринКард толтуруу мөөнөтү эртең, 5-ноябрда кечинде аяктайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз