Пятница, 17 мая

Айыл чарба кооперативдери боюнча окутуу борборунун ачылыш аземи

0

Кыргызстан менен Түркия мамлекеттеринин ортосунда айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана кооперативдерди өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш, өнөр-жай жана мелиорация министрлиги менен биргеликте Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги тарабынан К.И. Скрябин атындагы Улуттук Агрардык Университетинде Кыргызстандагы алгачкы Кооперативдер боюнча окутуу борбору курулду.

Долбоордун алкагында видеоконференция өткөрүүгө мүмкүн болгон көп максаттуу окутуу залы жана окутуу борборунун жетекчилери үчүн администрадивдик бөлмө толук ремонттон өткөрүлүп керектүү жабдыктар алынды.

Окуу борборунун ачылышы үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрда К.И. Скрябин атындагы Улуттук агрардык университетинде өткөрүлдү. Ачылыш аземден кийин “Кооперативдер боюнча адистерге тренинг” башталды жана ал 12-ноябрга чейин уланат. Бул семинарлар Түркия Республикасынын Айыл чарба министрлигинен атайын келген адистер Мехмет Али Коркмаз, Месут Гөлбашы жана К.И. Скрябин атындагы Улуттук агрардык университетинин мугалимдери тарабынан өткөрүлүүдө.

Окутуу борборунун ачылышына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш, өнөр-жай жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү, Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фырат, ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Али Муслу жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз