Пятница, 22 ноября

Куудулдардын сатирасы көзөмөлдөнөт

0

Кыргызстандагы белгилүү куудулдардын сахнада койгон сатираларына коомчулук тарабынан сын пикирлер көбөйдү. Ал тургай бир катар фейсбук колдонуучулары куудулдардын чектен ашкан тайкы тамашаларына нааразы болуп, Маданият министрлигине жамааттык кат жолдошкон. Анда куудул Тынар Курбаналиевдин чыгармачылык сатирасына карата чара көрүү жөнүндө жазылган. Мындан улам “kyrgyz.news” сайты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысына бир катар суроолор менен кайрылды.

“kyrgyz.news”: Кайрылуу качан келген жана ага сиздер тараптан кандай жооп болду?
Айнура Асанбаева, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы: Социалдык тармактын жоон топ колдонуучуларынан биздин министрлике кат келип түшкөн. Ага министрдин орун басары Кайрат Иманалиевдин расмий жообу ММКга чыккан. Анда биз көркөм эксперттик комиссия куудулдардын сахнадагы программаларын текшерүүгө ала турганын айтканбыз. Жарандар айрым куудулдарын чектен ашкан тайкы тамашаларына нааразычылыгын, айрыкча куудул Тынар Курбаналиевдин чыгармачылык сатирасына карата чара көрүү жөнүндө кайрылуу болгон.

“kyrgyz.news”: Министрликтин бул кадамы куудулдарга карата кысым болуп калбайбы?
— Негизи мамлекеттик деңгээлдеги бардык маданий иш чаралар маданият министрлигинин тыкыр көзөмөлүнөн өтөт. Ал үчүн мекемеде атайын көркөм эксперттик топ иштейт. Бирок сатира тармагындагы чыгармачыл адамдардын жеке концерттери министрликтин текшерүүсүнөн өтчү эмес. Анткени аларды жеке өздөрү уюштурат. Анткен менен буга чейин куудулдардын сахнадагы күлкү тамашаларына эч ким арызданган эмес. Бул биринчи жолу болуп жатат, эми коомчулуктун кайрылуусунан кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги унчукпай карап турбашы керек.

“kyrgyz.news”: Эми кантип көзөмөлгө аласыздар, бул деген сатира да.
-Албетте, сатира өзгөчө жанр, сатира аркылуу куудулдар коомчулукта тарбиялап, аларга багыт көрсөтүп, айрым кемчиликтерди кыйыр түрүндө көзгө сайып көрсөтүп турушат. Бирок ошол эле учурда алар стабилдүүлүктү сактап, башка бирөөлөрдү кемсинтпей азил тамаша аркылуу, аймактарга бөлбөй биримдикти сактаганга чакырышы керек. Эгерде алардын тамашасы ызы чууга алып келсе министрлик буга тыюу салышы керек деп эсептейт. Ошондуктан мындан ары министрликтин алдындагы көркөм эксперттик топтун ичине сахналарда коюлуучу сатираларды тескей турган адам кошулат же атайын комиссия түзүлүшү дагы ыктымал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз