Пятница, 22 ноября

Оштогу мамлекеттик салык кызматынын иши сынга алынды

0

Ош шаарындагы унаа тетиктерин саткан “Кудайберди” базарынын соодагерлери уруксат кагазы жок иштейт. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын кезектеги жыйынында айтылды.
Анткен менен салык кызматынын жетекчиси Эрмекбай Чоюнов былтыркыга салыштырмалуу аталган базарда эмгектенгендерден акча толугу менен жыйналганын билдирүүдө. Ал эми патенттерди текшерүү чукул, эскертүүсүз жүргүзүлгөндүктөн алардын басымдуусу документтерин көргөзө албай калышкан.

“Кудайберди базарында иштегендердин басымдуусунун патенти бар. Буга соодагерлерден чогултулган бир миллиондон ашык каражат далил боло алат. Ал эми мэрия текшерүүнү чукул жүргүзгөнүнө байланыштуу алардын көпчүлүгү уруксат кагаздарын көрсөтө албай калган. Тогуз ай ичинде жыйналган салыктын көлөмү, былтыркыга салыштырмалуу 124 миллион сомго ашык чогултулган. Негизинен соода сатык кылгандардан салыктын 13 түрү боюнча акча чогултулат, бул саам алардын болгону 4сүнөн гана толук жыйналбай калды. Алардын катарына жогоруда айтылган унаа салыгы дагы кирет”,- дейт Чоюнов.

Анткен менен, калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов салык кызматынан базарда иштегендердин уруксат кагазы бар жогун катуу көзөмөлгө алуусун талап кылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз