К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде ТИКА тарабынан КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен биргеликте уюштурулган “Кооперативдер боюнча окутуучуларды даярдоо” окутуусунун катышуучуларына сертификат тапшыруу аземи болуп өттү.
4-12-ноябрда болуп өткөн окутууну К.И. Скрябин атындагы Улуттук Агрардык университетинин окутуучулары, КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин жана Кооператив бирикмесинин өкүлдөрү болуп жалпысынан 23 катышуучу ийгиликтүү аяктады.