Бүгүн Бишкекте Кыргызстан курама командасы менен Япония футболисттери ойнойт. Аталган командалар 2020-жылдагы Дүйнөлүк чемпионаттын алкагында беттешет.
Кыргызстан футбол федерациясынан билдиришкендей курама команда кечээ, 13-ноябрда турнир алдындагы акыркы машыгуусун өткөргөн. Оюн негизги стадиондо саат 17:15 де башталат. Күйөрмандар үчүн стадион эки саат мурун ачылат.
Белгилүү болгондой оюндун билеттери эбак эле түгөнүп калган. Анткен менен ортодогу алып сатарлар билеттин баасын 1000 сомдон сатып жатышат.
Кыргызстан курама командасы бүгүн оюнга кызыл формада, ал эми атаандашы көк форма менен чыгат.