Кыргызстандагы миграция маселеси орчундуу экени эч кимге жашыруун эмес жана алардын басымдуусу Баткен облусуна тиешелүү. Ошол үчүн жумушсуздуктун айынан жарандардын сыртка агылуусун азайтуу максатында өзгөчө статуска ээ аймактарда пенсия, пособиялардын көлөмүн көтөрүш керек деди депутат Таабалды Тиллаев.
Ошондой эле депутат буга чейин өкмөт тарабынан убадаланган программалардын тагдырына кызыкты.
Өз кезегинде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жалпысынан Баткен тургундарынын социалдык абалын жакшыртууга 296 миллион сом каралганын ага чек ара аймактарындагы 33 иш чараны аткаруу мерчемделгенин билдирди. Азырынча 33 программанын 2 сү ишке ашканын кошумчалады.
Эл өкүлү Таабалды Тиллаев буга кошумча Сүлүктү шаарына бала бакча куруу, Лейлектеги 8 авариялык абалдагы мектепти калыбына келтирүү зарылчылыгын билдирди.