Азербейжандын борбор калаасы Бакуда мурду чочконун тумшугун элестеткен кыз төрөлдү. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Жүрөк үшүн алган көрүнүш чочконукундай тумшук менен эле бүткөн эмес. Ымыркайдын оозу жок, ал эми кулагы моюнунда жайгашкан. Дарыгерлер кыздын жүрөгү жана өпкөсү нормалдуу экенин айтышкан. Ымыркай бир сутка да жашай албады, чарчап калды.
Азербейжандын башкы акушер-гинекологу Севинж Мамедова кызды төрөгөн аялды кош бойлуулугунун үчүнчү айында УЗИден өткөрүп бирок түйүлдүктөгү кемчилдикти байкабаган жеке менчик клиниканын кызматкерлерин айыптаган. Бирок бул окуяны иликтей албашын анткени өлкөнүн мыйзамы жеке менчик клиникалардын ишине аралашууга тыюу салганын белгилеген.
Октябрь айында Португалияда көзү, мурду жана башынын жарымы жок ымыркай төрөлгөнү айтылган. Дарыгерлер баланы бир нече саат гана жашайт деп болжолдошкон бирок эки жумадан кийин ымыркай дем алганды үйрөнүп, бөтөлкөдөн сүт иче баштаган.