«Республика-Ата Журт» фракциясына коррупциялык иштер боюнча 900 арыз келип түшкөн. Бул туурасында аталган фракциянын жыйынында лидер Жыргалбек Турускулов билдирди.
Депутаттын айтымында алардын көпчүлүгү кызматынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча арыздар. Мунун негизинде бюджетке дээрлик 3 миллиард сомдон ашык каражат зыян келтирилген.
«Коррупция менен күрөшүүдө өкмөт жакшы жумуш алып барбай жатат. Өзгөчө коррупциялашкан мамлекеттик органдардын сап башында Бажы кызматы андан кийин саламаттык сактоо министрлиги турса үчүнчүдө жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемеси турат. Ошондой эле Ички иштер министрлиги, каржы полициясы дагы ушул катарда»,-дейт депутат.
Айта кетсек учурда «Республика-Ата Журт» фракциясы өлкөдөгү коррупция менен болгон күрөш боюнча талкуу өткөрүп жатат.