Вторник, 26 ноября

Бишкекте суунун баасы кымбаттады

0

Бүгүнтөн тарта Бишкек шаарында муздак сууга болгон баа 8,10 сомго кымбаттады. Белгилүү болгондой буга чейин шардык кеңештин депутаттары муздак сууга жана канализациядагы агынды сууларга бааны көтөрүү токтомун чыгарган.

Маселен жарандар мурда 1 куб метр сууга 5, 38 сомдон төлөп келсе эми, 8,10 сомдон төлөөгө аргасыз болушат. Ал эми бюджеттик мекемелер 7,38 сомдон төлөсө эми 9,10 сомдон беришет. Башка максатта муздак сууну колдонгондор 9, 15 сомдон төлөсө эми 13 сомдон төлөп башташат.

Айта кетсек шардык кеңештин мындай токтому үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында чыгып, ал 15-ноябрдан тарта күчүнү кирди. Бишкек суу каналынын жетекчилигинин айтымында бул акчалар суу түтүктөрүн жаңыртууга, жарандарды тейлөөгө жумшалмакчы. Анткен менен муздак сууга болгон баанын көтөрүлүшү коомчулук арасында нааразычылык жаратып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз