Бүгүн Бишкекке Сакен Сайфуллин атындагы Караганда облустук Казак драма театры атайын эки күндүк гастролу менен келет. Бул туурасында “kyrgyz.news” интернет басылмасына уюштуруучулардын бири билдирди.
Маалыматка ылайык маданий иш чара Кыргыз-Казак калкынын ортосундагы достугун мындан нары да бекемдөө максатын көздөп ошондой эле тажрыйба алмашуу жаатында уюштурулууда.
Караганда театры 15-16-ноябрь күндөрү Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын сахнасында Кыргызстандык театр сүйүүчүлөрү үчүн спектаклдерди тартууламакчы.
Театр күйөрмандары үчүн:
15 — ноябрь
Рахымжан Оторбаев «Фариза менен Мукагали» – режиссёру: Нурлан Жуманиязов. Башталышы саат — 16:00 жана 18:30.
16 — ноябрь
Роза Муканова «Эч ким күнөөлүү эмес» — режиссёр: Б.Киекбаев. Башталышы саат — 14:00 дө.
Билет баасы: 200 сом.
Сурап билүү телефондору : 46-44-17, 53-04-42 | Факс: 46-44-17 | email: bgdt.kg@mail.ru