Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Мелис Турганбаев ардагерлер арасында ардактуу спорттун чебери наамына ээ болду. Мындай маалыматты спорт агенттиги таратты. Белгилүү болгондо Турганбаевге мындай наамды Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги ыйгарган.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги чыгарган токтомго ылайык болгону беш спортчу Кыргызстандагы ардагерлер арасындагы ардактуу спорттун чебери наамын алышкан.
Алар:
1.Чынарбек Изабеков – эркин күрөш;
2. Мелис Турганбаев – эркин күрөш;
3. Талайбек Масабиров – дзюдо;
4. Жаркынбек Шамбетов – дзюдо;
5. Алимбек Рахимов – пауэрлифтинг.
Эскерте кетсек, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев 8-октябрдан 13-октябрга чейинки аралыкта Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан. Мурдагы ички иштер министри эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына 2016-2018-жылдары дагы катышкан жайы бар.